Жети-Өгүздө беш тургун өз ыктыяры менен катталбаган ок атуучу куралдарын тапшырышты






Жети-Өгүздө беш тургун өз ыктыяры менен катталбаган ок атуучу куралдарын тапшырышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милициянын көчмө кабылдамалары айылдарды кыдыруу учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды өз ыктыярлары менен тапшыруу боюнча активдүү түшүндүрмөлөрдү жүргүзүшүүдө.
"Жети-Өгүз районунун Дархан жана Саруу айылдарынын жашоочуларын милициянын көчмө кабылдамасы менен кабыл алуу учурунда жергиликтүү айыл тургундары ата-энелеринен калып, ушул күнгө чейин катталбай жүргөн 5 даана сайсыз мылтыктарын өз ыктыярлары менен өткөрүп беришти. Аларга өз ыктыярлары менен тапшырылган ок атуучу куралдар тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин өздөрүнүн аттарына кайрадан мыйзам жүзүндө каттоонун жол-жобосу кеӊири түшүндүрүлүп берилди.
Жергиликтүү эл менен жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери, эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, анда аны сактоого жана колдонууга мыйзам алкагында тыюу салынарын дагы бир жолу эскертишти. Аталган курал-жарактар токтоосуз ички иштер органдарына өткөрүлүшү керек экендигин же болбосо жарандар мыйзамга ылайык жооп беришерин, ошондой эле алар каттоодон өтпөгөн курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшырса, алар жоопкерчиликтен бошотуларын түшүндүрүштү", - деп жазылат маалыматта.



1 |