Кыргызстанда бир аскерге жылына 12 миңден 36 миң сомго чейин акча жумшалат
Кыргызстанда бир аскерди камсыздоого жылына 12 миңден 36 миң сомго чейин каражат жумшалат. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын жетекчиси, коргоо министринин биринчи орун басары Ильясбек Субанкулов билдирди. "Ыкчам аскер кызматкерлерине көбүрөөк каражат жумшалса, альтернативдик кызматтагыларга азыраак чыгым кетет. Бул чыгымдарга тамак-ашка кетчү каражат кошулуп эсептелген эмес, болгону аскердик буюмдардын баалары",- дейт Субанкулов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

