super.kg logo

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

 

Милициянын кайгуул кызматкерлери уурдоого шектүү жаранды кармашты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-январда болжол менен саат 18:08 чамасында Бишкек ШИИББинин "102" кызматына 1979-жылы туулган О.Н. аттуу жаран 7-апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршурттук унаанын ичинен баштыгын уурдап кеткен белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп, арыз менен кайрылган.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен. О.Н. аттуу жарандын жоголгон баштыгында Редми-9 үлгүсүндөгү чөнтөк телефону жана 40 миң АКШ доллары болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынгандыгы жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.01.2021. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ух ты 40 000$ акчаны ошентип баштыка салып жүргөн бекен. Бул жагы бир аз чындыкка жакындабай калбадыбы. Мен 40 000 сом салып алсам чөнтөгүмө ( аны да жөн салбайсын го дечи бир нерсе алыш үчүн да) бара турган жериме жеткиче элеңдеп акча бар чонтоктон колуңду албай барасың го чиркин. Кандай адамдар ошончо акчаны жанына алып жүрүшөт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: