super.kg logo

Эл акыны Рамис Рыскулов дүйнөдөн кайтты

 

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Жазуучулар Союзунан билдиришти.

Рамис Рыскулов Чүй облусуна караштуу Москва районунун Кызылтуу айылында 1934-жылы 9-сентябрда туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москва шаарындагы ВЛКСМ Борбордук Комитетине караштуу Борбордук Комсомол мектебине жөнөтүлөт. Бул мектептеги 2 жылдык окуудан кийин Максим Горький атындагы Бүткүл Союздук адабият институтуна өтөт.

Эмгек жолун «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган, кийин «Ленинчил жаш» гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары «Ала-Тоо» журналынын редакциясында эмгектенген. Анын ырлары «Кыргызстан маданияты», «Эркин-Тoo» жана башка гезит беттеринде жарыяланган.

Акын ак ырды киргизүү менен кыргыз совет поэзиясын жаңырткан. Биринчи ырлар жыйнагы 1959-жылы “Жаз” деген ат менен жарык көргөн. Ал кыргыз тилине А.С.Пушкиндин, В.В.Маяковскийдин, Н.А.Некрасовдун, Л.Вознесенскийдин, X.Алимжандын ж.б. чыгармаларын которгон. 1986-жылы «Ырлар» жыйнагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

1959-жылдан ССРС Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан ССРС Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1987-жылы ССРС Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1995-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, 1996-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардак наамдары берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: