super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 7-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Ортодогу достукту жана ишенимди баалап, биргеликте жигердүү иш алып барууга даяр экенин белгилеген өлкө башчы: “Дүйнөлүк саясатта көз карашын бекем кармаган Орусиянын акыркы 10 жылда жетишкен ийгиликтери сиздин атыңыз менен байланышкан. Коомдук-саясий абал курчуп турганда өлкөнүн тагдырын колуңузга алып, Орусиянын улуулугун кайтарып бере алдыңыз. Сизге бекем ден соолук, түгөнбөс кайрат жана Орусия элине тынчтык жана өнүгүүнү каалайм”,- деди.  

Айта кетсек, Владимир Путин 1952-жылы 7-октябрда жарык дүйнөгө келген. Ал бүгүн 61 жашка толду. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: