Футбол боюнча Италия Кубогунда Ромелу Лукаку менен Златан Ибрагимовичтин ортосунда жаңжал чыкты



Бүгүн, 27-январга караган түнү футбол боюнча Италия Кубогунун чейрек финалдык беттешинин алкагында "Интер" клубу менен "Милан" футболдук клубу кез келип, беттеш 2:1 эсебинде "Интер" клубунун жеңиши менен аяктады.
Беттештин биринчи бөлүгүнүн аягында "Милан" клубунун коргоочусу Алессио Романьоли Ромелу Лукакуга карата оюн эрежесин бузду. Буга Лукаку нааразычылыгын билдирип, футболчулар ортосунда жаңжал чыкты. Жаңжалга аралашкан Златан Ибрагимович Ромелу Лукакуга бир нече сөз сүйлөөгө жетишти. Жыйынтыгында белгилүү эки футболчу кагылышып, калыс эки футболчуга тең сары айып кагазын көрсөттү.
"Интер" - "Милан" (2:1);
Голдор: Златан Ибрагимович (31-м), Ромелу Лукаку (71-м), Кристиан Эриксен (90+7-м).
"Интер" - "Милан" (2:1)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.