super.kg logo

ИИМ: "Өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулуктун 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат"

 

Кыргыз өлкөсүндө сексуалдык зомбулуктан жабыр тарткан жашы жете элек өспүрүмдөрдүн 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат. Балдарга карата сексуалдык ыдыктын жарымы үйүндө же конокто болот. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдарды зомбулуктан коргоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

- “Жок” деп айтканды үйрөн. Өзүңдүн макулдугуң жок сенин денеңе эч ким жолоого укугу жок. Ким тийишип мындай көрүнүштү жасоого аракет кылып жатса, ал боюнча айтуудан уялоо керек.

- Белгилүү каттам менен үйгө жет. Зарылчылык жаралган учурда такси кызматын чакыр, жолдогу унаага отурба;

- Подъездге, лифтке кирүүдөн мурда тегерегиңди кара, тааныш эмес адам менен кирбе;

- Эгерде кимдир бирөө сага кысым көрсөтүп, сага жакпаган нерселерди жасаганы жатса, “Жок” деп айт. Бул жөнүндө ишенимдүү улуу адамдарга айтып бер.

- Бейтааныш адамдар сунуштаган суусундуктарды ичпе;

- Каякка бара жатканы, качан келери жана качан байланышыш керектиги тууралуу жакындарына билдирип тур;

- Эркек адамдар менен жалгыз калуудан алыс бол, алар туугандарың болсо дагы. Үйгө ата-энелериңер жок эркек адамдарды киргизүү коркунучтуу;

- Түнкү маалда көчөдө жана конокто карманба;

- Башка бирөөнүн унаасына кошунаңдыкы болсо дагы отурба;

“Менин милициянын аймактык инспекторум” жана “112 Кыргызстан” тиркемелерин уюлдук телефонуна көчүрүп берүү керек. Алар жардам жөнүндө билдирүүнү тез арада берүүгө мүмкүнчүлүк берип, андан сырткары өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтарды алууга болот.

Зомбулук болгон учурда эмне кылуу керек?

- Өз балдарыңызга ишенүү керек;

- Кылмыштын издерин сактоо керек, кийимдерди жуубоо, ич кийимдерди ыргытпоо керек;

- Милицияга жана медициналык мекемеге кайрылуу керек. Биринчи 72 саатта дарыгер ВИЧтин, жыныстык жугуштуу оорулардын жугушунун алдын алууга, күтүлбөгөн жерден бойго бүтпөөсүнө жардам берет.

- Зомбулукка кабылган жашы жете элекке психологиялык жардам берүү керек.

102 милиция кызматы
112-112 кызматы
111 балдар үчүн ишеним телефону.






ИИМ: "Өспүрүмдөргө сексуалдык зомбулуктун 80 пайызы тааныштары жана туугандары тарабынан жасалат"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: