Жети-Өгүздө эки унаа сүзүшүп, 1 адам каза болуп, 8 адам жабыркады
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 26-январь күнү саат 23:43тө Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы унаа жолунун 11-чакырымында BMW 525 жана Subaru Legasy унаалары катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 20 жаштагы бала каза болуп, 8 адам жабыркаган. Учурда алардын аты-жөнү такталууда.
Куткаруучулар жеткенге чейин жабыркаган жарандарды "Тез жардам" кызматы аркылуу Каракол шаарындагы ооруканага жеткиришкен.
Жерине ӨКМнын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары тартылып, маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.