super.kg logo

"Көз тийбесин", "соода болсун", "даканса": Өзгөчө дизайнга ээ байпактарды чыгарган ишкер айым менен маек

 

Азыркы учурда адамдар өзгөчө нерселерди издеп, кайсы тармакта болбосун өзгөчө нерселерди жаратуунун үстүндө аракет кылып келет. Бүгүнкү каарманыбыз дагы дал ушул принципти карманып, соода жаатына өзгөчө дизайн менен кирип келген байпактарды чыгарып келүүдө. Анын эмгектери азыркы учурда көпчүлүктүн көңүл чордонунда. Сөз болуп жаткан байпактарда кыргыз тилинде ар кандай сөздөр жазылган, ошондой эле улуттук оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Эң башкысы бул байпактар Кыргыз өлкөсүндө чыгат.

SUPER.KG порталы өзгөчө байпактарды чыгарган ишкер айым Кундуз Асаналиева менен маек курду.

Кундуз Асаналиева Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында төрөлүп, аталган шаардын мектеп гимназиясында билим алган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетин аяктаган. Эл аралык белгилүү компаниянын жергиликтүү өкүлчүлүгүн 12 жылдай жетектеп, жогорку деңгээлдеги өсүштөргө жеткизе алган. Ушул убакыт аралыгында сатыкты көтөрүү иштери боюнча бир катар чет өлкөлөрдө иш сапарларда болуу чоң тажрыйба болгонун каарманыбыз айтып өттү.

- Ишкерлик жүргүзүп жатканыңызга канча убакыт болду?

- Байпак өндүрүү ишин 2019-жылдын аягында негиздеп, мекемени 2020-жылдын февраль айында ишке киргизүү планы турган. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу карантиндик чектөөлөрдүн кедергиси тийип, ишти жай айларында гана баштоого туура келди. Чындыгында жалпы карантиндик чектөө учурунда иш башталбаса да, окутуп даярдап алган жумушчуларды жоготуп албоо үчүн айлык төлөп, имарат үчүн ижара акы төлөп, ишкерлик үчүн ыңгайсыздык жараткан бир канча кыйынчылыктарды баштан өткөрүүгө туура келди. Антсе да "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң" болуп, буюрса, бардык нерсени акырындык менен жолго коюп келе жатабыз. Ошондо ишти баштаганыбызга жыл айлана элек десек туура болчудай.

- Өзгөчө байпактарды чыгаруу идеясы качан, кандай жагдайда жаралып калды?

- Негизи ушул дизайндагы байпактарды өндүрүү идеясы алгач менин Европага барган сапарларымда пайда болгон. Анткени ал жактан салабаттуу эле адамдардын ар кандай түстөгү, ар кандай дизайндагы байпактарды кийип жүргөнү алгач өөн учураса да, баары бир бизге келсе, биздин да өзүбүздө ушундай өндүрүштү колго алсак деген ой жарала баштаган. Башында корей байпактарын сатуу үчүн аздан алып келип акыры ушундай сапатты, өзүбүздүн менталитетке ылайыктап дизайны менен иштеп чыгууга бел байладык. Качандыр бир кезде биздин эл да өзүбүздөн өндүрүлгөн сапаттуу, өзгөчө байпактарды кийүүгө тийиш деген ойдон улам ушул сегментке толук кириштик.

- Үй-бүлөлүк жашоо, бала тарбиялоо менен ишкерликти бирге алып кетүү чоң жоопкерчиликти талап кылары белгилүү. Баарына жетишүүнүн сыры эмнеде?

- Жолдошум экөөбүздү төрт баланын ата-энеси болуу бактысына ээ кылган Жаратканга миң мертебе ыраазымын. Эл аралык чоң компаниянын жооптуу өкүлү болгонума да байланыштуу чындыгында үч баламда тең көз жарып алып эле, бир айга жетип-жетпей ишке чыгып кеткенге туура келип жүрдү. Болгону төртүнчү баламда гана бир аз бала менен үйдө отурууга туура келди. Ушул убакыт ичинде мен ушул нерсеге бекем ынандым. Көрсө, адам канчалык максатты өзүнө бийик коюп, талапты жогору коё билсе ошончо чыйралып, тынымсыз аракетте болот экен. Канчалык өзүн-өзү аяп "кантип жетишем, төрт бала менен кантип үлгүрөт элем, болду окшойт" сымал шылтоолорду таап, башкача айтканда, ыңгайлуу зонадан (зона комфорта) чыга албай жүрө берсе деградацияга тез алдырары да турган иш.
Мен табиятыман канчалык иш көп болсо, ошончо чыйрак, жыйнактуу жүрө тургандарга кирем. Жоопкерчилиги жогору иште жүктөлгөн милдетти өтөөсүнө чыгарыш үчүн күндүз иште болуп, кечкисин үйдүн тиричилигин жасап, ымыркайга түнү сүтүмдү саап, тоңдургучка салып, балдардын кийим-кечесин, тамак-ашын даярдап, айтор энелик, жубайлык, келиндик милдетимди толук аткарып, анан кызматкер катары да баарына үлгүрүп жүрүү мени чыйралтат. Иш сапарларга чыккан учурда баламды бала багуучусу менен кошо сапарга ала жүрүү менин иш менен үй-бүлөнү тизгиндеш алып жүрүүгө аракеттенүү жашоомдун кадыресе бир көрүнүшү.
Эң негизгиси, мейли иште, мейли үйдө болсун, өзгөчө түшүнүү менен караган жолдошумдун колдоосу жок бул ийгиликтерге жетишим күмөн эле. Андыктан учурдан пайдаланып тагдыр кошкон жубайымдын бул иштердеги салымын баса белгилеп, ыраазычылыгымды билдирет элем. Мындан сырткары, позитивдүү ойдун күчү, көздөгөн натыйжага оң ынаным анан кашкөй өжөрлүк - ийгиликтин токсон пайызы десем жаңылыштык болбойт.

- Сиздер чыгарып жаткан продукцияны башка өлкөлөргө дагы экспорт кыласыздарбы?

- Экспортко чыгара элекпиз. Бирок Москвадан, Казакстандан, башка өлкөлөрдөн көп санда сурап байланышка чыгып жатышат. Анткен менен, азыр өндүрүштүн кубаттуулугу аз, станоктор жетишсиз, каражаттын тартыштыгынан улам экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүгү чектелүү. Болбосо "Лаки сокс" деп кыргыз бренди катары чет өлкөгө чыкса эмнеге болбосун?

- Командаңызда канча адам бар?

- Азырынча эки колдун манжасына жетпеген команда менен иш алып баруудабыз. Дизайн, шөкөт, креатив багыты боюнча кызматкерлерге аутсорсинг формасында же аралыктан гана иштөөгө туура келүүдө.

- Алдыдагы пландар тууралуу дагы айтып өтсөңүз.

- Генерал болууну самабаган солдат болбогон сыңары эле Кыргыз өлкөсүнүн рыногун камсыздоодон сырткары жакынкы, ыраакы чет өлкөлөрдүн суроо-талабын дагы камсыздоо башкы максатыбыз. Бирок ошол ийгиликтерди багынтуу үчүн өндүрүш ишине байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү чечүүгө туура келет. Алардын эң башкысы - өлкөдө байпак өндүрүү жана анын жабдуулары боюнча адистер дээрлик жок. Ошондой эле эч жерде даярдалбайт. Биз алгач Кореядан атайын адистерди тартып, Кыргыз өлкөсүнө чакырып, жумушчу балдарды бир апта окутуп даярдатып алдык. Азыр алар улантуучулук принципте үйрөнчүк балдарды шакиртикке тартып, ишти акырындык менен улантып жатабыз. Кадр маселесинде, албетте, орчундуу кыйынчылыктар бар, бирок чегирткеден коркуп эгин экпей отура бербей, дүйнөлүк атаандаштыкка, ички атаандаштыкка ак ниет туруктуулук менен талбай чыга беребиз.
Биз өлкөбүздүн, өзүбүздүн жаркын келечегибиз үчүн бир жолдобуз.

- Кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз! Иштериңизди ийгилик коштосун!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(3)
27.01.2021. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Баракелде сөз жок ата мекендик өндүрүшчүлөр
27.01.2021. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ишинерге ийгилик.Ушундай эки тизгин бир чылбырды колго алып иштеген айымдарыбыз коп болсун.Жолдошуна Рахмат,колдоп коштоп турган.
27.01.2021. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соодаңыздар болсун!!! Позитив жана креатив!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: