"Клубдун тарыхындагы алгачкы". Томас Тухель "Челси" клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды



Германиялык 47 жаштагы машыктыруучу Томас Тухель Англиянын "Челси" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Мындай маалымат лондондук клубдун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, клуб менен машыктыруучу узак мөөнөткө узартуу мүмкүнчүлүгү менен 1 жарым жылга келишим түзгөн. Ал команданы машыктырып баштады.
Челси клубун буга чейин Фрэнк Лэмпард машыктырып келген. Клуб акыркы жыйынтыктарга канааттанбай жаткандыктан Лэмпардды 25-январда кызматынан алган.
Кошумчалай кетүүчү нерсе, Тухель "Челси" клубунун тарыхындагы алгачкы немис машыктыруучусу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.