Баткенде өткөн жылы 6 өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган



Баткен облусунда 2020-жыл ичинде 6 өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери шаар аймагында мектеп окуучуларына “Мен жол эрежесин билем” аталышындагы иш-чара өткөрүлүүдө.
"Иш-чарада милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына суроо-жооптор, көрсөтмө куралдар менен жол эрежелерин түшүндүрүүдө. Бул иш-чара 18-январдан 31-январга чейин уланат. 2020-жыл ичинде жалпысынан 6 өспүрүм катышкан жол кырсыгы катталып, 9 өспүрүм денелеринен ар кандай жаракат алышкан", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.