super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Мектеп окуучуларынан бет каптан башка каражаттар талап кылынбайт" дейт тийиштүү мекеме

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын тургуну баласы окуган мектепте мугалим окуучуларга 1 литрлик антисептик, кагаз майлык, суюк самын жана башка алып келүүгө мажбурлап жатканын айтып кайрылды.

Бул боюнча Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө кайрылганыбызда, мектептерге санитардык каражаттар берилгенин айтышты.

"Жалал-Абад шаарына караштуу орто билим берүүчү мектептерге жана бала бакчаларга Билим берүү министрлиги, Жалал-Абад шаарынын бюджетинен жана ЮНИСЕФтен каралган толук кандуу зарыл болгон санитардык каражаттар берилген. Ошондуктан мектеп окуучуларынан бет каптан башка каражаттар талап кылынбайт.

Ал эми санитардык каражаттарды талап кылган мектеп боюнча маалыматты тактап жатабыз", - дешти Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси Айнура Маданова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: