Ысык-Көлдөгү митингчилер "Кумтөр" келишимин денонсациялоо талабын коюшууда
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында учурда 350дөй адам топтолуп турат, талаптары: "Кумтөр" келишимин денонсациялоо, облус башчы Эмил Каптагаевдин өз эрки менен иштен кетиши жана аймактагы микрокредиттик уюмдарды жоюу. Митингчилер Каптагаевди унаадан сыртка чыгарыша элек. Облус башчыга өкмөт менен сүйлөшүп, "Кумтөр" боюнча келишимди жокко чыгаруу талабын жеткирүү милдети коюлууда. Ал эми микрокредиттик уюмдарды жаап салууга күчү жетпей турганын, бул маселе сүйлөшүү менен чечиле турганын айтууда Каптагаев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

