super.kg logo

Белгилүү дирижёр Медет Осмоновдун апасы каза болду

 

Белгилүү дирижёр Медет Осмоновдун апасы каза болду. Бул тууралуу музыкант өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

"Тилекке каршы, апабыз көз жумду. Жүрөккө жасалган операция 6 саатка эмес, 12 саатка созулду. Мен ишенем дарыгерлер колунан келгендин баарын жасашты, бирок сактап калуу мүмкүн болгон жок", - деп жазды ал.

Ошондой эле Медет Осмонов операция үчүн жардам сураган кайрылуусунан кийин жарандар 400 миң сомдон ашуун жардам беришкенин кошумчалаган. "Бул биздин чыгымдардын үчтөн экисинен көбүн жапты. Жардамыңыздар жана колдооңуздар үчүн рахмат", - деп кошумчалаган Осмонов.

Белгилей кетсек, Людмила Осмонова Петр Шубин атындагы борбордук балдар музыкалык мектебинде 40 жылдан ашуун убакыттан бери сабак берип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: