Абдил Сегизбаевдин жубайы: "Абдилдин иммунитети - анын тазалыгы"
Абдил Сегизбаевди Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайынан Аскер прокуратурасына алып кетишкени маалым болду. Ошондой эле анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту бүгүн, 27-январда карай турганы да айтылды.
Журналисттердин суроосуна жооп берип жаткан Абдил Сегизбаевдин жубайы Айнура Сегизбаева буларга токтолду.
"Абдилдин абалын билбей жатабыз. Жактоочуну дагы киргизбей жатышат да. Убактылуу кармоочу жайдын ичи сыз деп жатышат. Мен болушунча жылуу кийимдерин берип жатам. Алар жетип жатабы билбейм.
25-январда УКМКдан келишти жана ошол жактан чакыруу келген. Бирок эмнегедир Аскер прокуратурасы сурак кылды. 8 сааттан ашык сурак болду. Эмне үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизишти аны дагы билбей жатам. Абдилдин иммунитети - анын тазалыгы. Рейдерлик кылган деп жатышат. Бизге анын эч кандай тиешеси жок", - деди Айнура Сегизбаева.








1 |