Жаңы шайланган вице-спикер: "Парламенттин аброюн көтөргөнгө бардык аракетимди жумшайм"
Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
"Мага ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Жогорку Кеңештин регламентин кынтыксыз аткарууга, парламенттин аброюн көтөргөнгө бардык аракетимди жумшайм", - деди ал.
Бул кызматка эки талапкер аттанышкан. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов 38 добуш алды.
Буга чейин вице-спикер болуп келген Мирлан Бакиров кызматынан кеткен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
Рейтинг:
0

