super.kg logo

"Бет чыдабай калды деп өздөрү таркап кетишсе болот". Бишкекте Жогорку Кеңештин таркап кетишин талап кылган митинг өттү (сүрөт)

 

Бүгүн, 27-январда Ак Үй алдында тынчтык митинги болуп өттү. Митингге чыккандар Жогорку Кеңеш тарасын деген талап менен чыгышкан. Арасында мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине катышуусуна каршы болгондор да бар.

"Садыр Жапаров, депутаттарды кетириңиз, ушунча жыл чыдадык, дагы 3 ай чыдайбыз. Жаңы жүздөрдү алып келгиле, элдин алдына алып чыгып тааныштырып, эл менен кеңешип таза адамдарды, акчага алданбаган жаштарды шайлагыла жана ошолорго мыйзам жаздыргыла. Депутаттар өздөрү деле "бет чыдабай калды, биз үчүн канча адамдар кыйналып жатат" деп туруп өздөрү деле таркап кетсе болот. Арасында намыстуулар бар, алар деле "чимкирик" деген атка тааныштарыбыз арасында дагы көнүп бүттүк, кетсе кетебиз жатышат", - деп билдирди митингге чыккан жарандык активист Мирлан Орозбаев.

Ошондой эле ал бул митингди инаугурациянын алдында президентке бут тосуп жатат деген ойдон алыс болууга чакырып, буларга токтолду:

"Биз үмүт менен чогулуп жатабыз. Атайын биз инаугурациядан кийин эмес, иш-чара өтөөр алдында чыгып жатабыз. Андан кийин жамандык болбосун, ага чейин биз оюбузду билдирели деп чыктык. Суукка карабастан ар кайсы облустан келишти. Жогорку Кеңеш тарайт деген үмүт бар. Биздин үнүбүз жетсе, балким, ант берүү аземи бүткөн соң 1 жумадан кийин тарап кетишет", - деп билдирди ал.

Ак Үй алдына чогулган аз сандагы жарандар элге батасын берип, өлкөдө тынчтык болсун деген тилектери менен тарап кетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
27.01.2021. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу бет бар беле???...
27.01.2021. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Деги түгөйбү митинг. Көч бара бара түзөлөт.
27.01.2021. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Чынында бизге 120 депутаттын не кереги бар ошонун баарын карапайым калк багып келет андан коро санын азайтсын
27.01.2021. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Уюштургандарды кармаш керек биринчи. 5-6 адамды акчага жалдап чыгарып коюшуп эле митинг деп тойгозушту.
27.01.2021. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Туура давно кетиш керек эле
27.01.2021. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул парламент озу отурган жок, Садырга керек болуп турат. Садырдын Бир буйругу менен парламентти таратууга укугу бар. Муну кантип тушунбой койсо болот.
27.01.2021. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаров ушул "чимкириктер"дин жардамы менен моонотунон мурда шайлоо белгилетип,премьер министр болуп,жакын досун адамдарын кызматка мыйзамдуу демиш болуп бекиттирип алганын корбодунорбу митингчилер?Же силерди Садыр Ж чыгарып жатабы эптеп жетер жерге жетип алган сон "эл кет деп жатат,кете берет окшойсунар" дегенге оной болсун деп.Убагында Сооронбай Ж ны дагы ошенткен,"эл кет деп атат сизди,кете беринизчи пожаааалуйста"деп.
28.01.2021. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Митингчилер-силердин кылаарга жумушунар жокбу? Андан коро ошол кичинекей кызга жылуу чайынарды берип уйдо отурбайт беленер?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: