super.kg logo
  Саясат  

Депутат Рыспаев: "Парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына күнөлүү партияларга күрөө кайтарылып берилбеши керек"

 

Депутат Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына күнөлүү партияларга күрөө кайтарылып берилбеши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Эмне үчүн мыйзам бузган партиялардын күрөөсү кайтарылып берилиши керек? Ошолордун айынан шайлоо таанылбай жатат. Күнөөсү бар партиялар экинчи жолу шайлоого бара албайт деген, Конституциялык мыйзамда бар. Мыйзам долбооруна күнөөлүү деп табылган партиялардын күрөөсү берилбеш керек деген сунушту киргизсек кандай болот?" - деп сурады депутат.

Жогорку Кеңеште шайлоолор жараксыз деп табылган учурда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүүгө багытталган, мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү суранды. "Бир партия күнөлүү деп соттун чечими менен айтсак болот. Экинчи окууга сунуш бергиле, талкуулайбыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: