super.kg logo

АКШ президенти Жо Байден инаугурациясынан кийин биринчилерден болуп Орусия президенти менен сүйлөштү

 

АКШнын президенти Жо Байден инаугурациясынан кийин биринчилерден болуп Орусия президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, Орусия президенти телефон аркылуу Жо Байденди президенттик кызматка киришүүсү менен куттуктады.

"Владимир Путин АКШ менен Орусиянын ортосундагы достук мамиле эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына жооп берерин жана алардын дүйнөдөлүк коопсуздукту ошондой эле туруктуулукту сактоо боюнча өзгөчө жоопкерчиликти эске алууну белгилеп өттү.

Сүйлөшүүнүн негизинде Стратегиялык чабуул коюучу куралдар жөнүндө келишимдин мөөнөтүн узартуу боюнча макулдашууга канааттангандыктарын билдиришти. Мындан тышкары, президенттер АКШнын Ачык асман келишиминин чыгышы, Ирандын өзөктүк келишими, Украинадагы кырдаал, ошондой эле БУУнун коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн саммитин өткөрүү боюнча Орусиянын демилгесин талкуулашты. Байден сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Орусиянын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө анын ичинде оппозиция лидери Алексей Навальныйдын камалышына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген. Ошондой эле Украинанын суверендүүлүгүн колдоп жаткан Орусиянын агрессиясына каршы күчтү колдой тургандыгын жана тынчсызданарын билдирип, ага кошумчалай "SolarWinds" хакерлиги жөнүндө маселесин талкуулашты. Эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсү ачык мүнөздө болду", - жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: