Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын 2020-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2021-жылга тапшырмаларды коюу тууралуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылда Ош облусунун аймагында 2 өрт кырсыгы катталган. Ошондой эле 1 жол кырсыгынан 7 адам каза болгон.
Салыштырмалуу 2019-жыл ичинде Ош облусунун аймагында 4 өзгөчө кырдаал катталып, келтирилген чыгым 2 миллион 584 миң 500 сомду түзгөн.
"Кырсыктар (жайкы сезонун) Ош облусунун аймагында 2020-жылы 8 жолу кырсык катталып, 9 адам каза болду, анын ичинен жол кырсыгынан 2 адам, сууга түшүп чөккөндөр – 7 адам (4 эркек киши, 5 жаш бала). Салыштырмалуу 2019-жылы 19 жолу кырсык катталып, 25 адам каза болгон, анын ичинен жол кырсыгынан 8 адам, ар кандай себептер менен - 17 адам (15 эркек киши, 6 аял, 4 жаш бала).
Ош облусунун аймагында 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы сууга чөккөндөрдүн саны 42% азайган.
Өрт кырсыгы боюнча: 2020-жыл ичинде 372 өрт кырсыгы катталып, 5 адамдын өмүрүн алган, өрттүн болгон чыгымы 48 миллион 222 миң 617 сомду түзсө, 2019-жылда катталган 425 өрттөн болгон чыгым 38 миллион 46 миң 853 сомду түзгөн.
Былтыркы жылга салыштырмалуу 53 өрт кырсыгына азайган, тагыраак айтканда, 15,5% га азайган. Залалсыздандыруу иш-чараларына: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-мартындагы “Кыргыз Республикасынын аймагында короновирустук инфекциянын (COVID-19) пайда болуу жана жайылуу коркунучун алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” №163 токтомун ишке ашыруу максатында Ош облусунун аймагында Залалсыздандыруу иш-чараларына 2020-жылдын 20-мартынан тартып 6-ноябрына чейин жалпы министрликтен 494 техника, 2830 кызматкер жана жергиликтүү бийликтен 451 техника, 2529 кызматкер дезинфекция иштерине тартылып 6 664 908 м2, имараттын ичи, 33 769 426 м2 имараттын сырты, 13 126 122 п/м унаа жолдор дезинфекцияланды.
Жыйындын жүрүшүндө 2021-жылга Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Жарандык коргонуу боюнча коюлган эң башкы тапшырмалары болуп: Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даярдыгын күчөтүү, тобокелдикке барууну кыскартуу үчүн иш-чараларды жүргүзүү, адам өлүмүнө жол бербөө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана эскертүү боюнча колдонулуучу материалдык жана маалыматтык ресурстарды, акча каражаттарын эффективдүү пайдалануу болуп эсептелип, калкты жана аймактарды коргоо боюнча аракеттерине өзгөчө көңүл бөлүүгө багытталды", - деп айтылат маалыматта.

