Латвия Кыргыз өлкөсүнө 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлдү
Латвия тарабынан Кыргыз өлкөсүнө 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү келишимине ылайык 2021-2022-окуу жылына карата стипендия бөлүндү. Окутуу латын жана англис тилдеринде жүргүзүлөт.
Кыргыз жарандары Латвиянын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн аталган өлкөнүн мамлекеттик стипендиялык программасына катышса болот:
- бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары (10-11 ай);
- илим изилдөө мекемелеринин же жогорку окуу жайларынын кызматкерлери үчүн илимий, илим изилдөө иштерин жүргүзүү;
- студент жана профессордук-окутуучулар курамы үчүн жайкы мектеп.
Документтерди жана талапкерлерди кабыл алууну Латвия тарап онлайн системи аркылуу жүргүзөт. Документтер 1-февралдан баштап 1-апрелге чейин кабыл алынат.
Стипендиялык программанын шарттары, талаптары жана башка жагдайлары боюнча кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыз болот: www.viaa.gov.lv/scholarships.

