super.kg logo

Канат Шабданбаев: "Максатыбыз Токио шаарында өтө турган олимпиада оюндарында 3 медаль жеңүү"

 

Бүгүн, 27-январда, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин Жаштар борборунда вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Эльвира Сурабалдиеванын төрагалыгы алдында Мамагенттиктин коллегиясынын отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, иш-чарага Мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев, ведомствонун статс-катчысы Жылдыз Бопушева, директордун орун басарлары Канатбек Арпачиев жана Самат Токтонолиев, ошондой эле коллегиянын башка мүчөлөрү катышты.

Мамлекеттик агенттиктин 2021-жылга карата пландары тууралуу доклад менен Канат Шабданбаев сүйлөдү. Анын айтымында, 2021-жылы алдыдагы олимпиада жана паралимпиадалык оюндарына, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ата мекендик спортчулардын даярдануусуна жана катышуусуна өзүнчө жана өзгөчө маани берилет:

“Биз спортчулар медалга ээ болуу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп беришибиз керек. Олимпиадалык оюндарга чейин биздин спортчулардын лицензиялык мелдештерге катышуусу турат. Жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алууну пландаштыруудабыз жана олимпиада оюндарында 3 медаль жеңүүнү максат кылып койгонбуз.

Паралимпиадалык спорттун түрлөрү боюнча 3 лицензиядан кем эмес жана паралимпиада оюндарында бир байгелүү орун багындырууну пландаштырып жатабыз. Ошондой эле, 2021-жылы Түркия мамлекетинде өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сапаттуу даярдык көрүшүбүз кажет. Өз кезегинде, биз Түркиялык кесиптештерибизге керектүү уюштуруучулук көмөгүбүздү көрсөтүп, оюндар жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенем”, - деди Шабданбаев.

"Токио-2020" жайкы олимпиада оюндары быйыл 23-июлдан 8-августка чейин өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: