super.kg logo

Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде 2 жарым миңден ашык милиция коомдук коопсуздукту камсыз кылат

 

Бишкекте эртен, 28-январда өтө турган Садыр Жапаровдун ант берүү аземинде 2 жарым миңден ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыз кылат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

"ИИМдин тиешелүү кызмат бөлүктөрү жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын өздүк курамы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштешет. Ошол күнү 2500дөн ашык милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылат. Бишкек шаарындагы Манас, Чынгыз Айтматов жана Чүй кең көчөлөрүндө, негизги жолдордо, каршы тилкелерде коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына эч кандай чектөөлөр киргизилбейт.

Негизги трассадагы жол кесилиштердеги эки тараптуу жол кыймылы кадимкидей эле кыймылда болот. Эң негизгиси атайын кортеж өтүп бараткан убакта гана бир нече секунддарга кайчы жолдогу транспорттор кыймылын токтотот, кыймылда бараткан унаалар жолдун четине бир нече секунддарга гана токтойт.

Жолдордогу коопсуздукту камсыз кылуу ИИМдин жол коопсуздугун сактоо башкы башкармалыгынын жана Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерине жүктөлөт. ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана айдоочулук маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын унаа жолдордун боюнда калтырып кетпөөңүздөрдү жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын тургундары менен меймандарын түшүнүү менен кабыл алууну суранат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: