super.kg logo

"Саясий кереметке" жетиштик, эми "экономикалык кереметке" жетишүү мезгили келди". Вице-премьердин милдетин аткаруучу Финполдун жеке курамы менен кеңешме өткөрдү

 

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу экономикалык кылмыштуулук жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу, аны ачыктоо жана ага жол бербөө иретинде жаңыча мамиле зарыл экендигин белгиледи.

"Коомчулукта Финполиция кызматы коррупциялашкандыгы, ал эми анын кызматкерлери өз кызматтык абалдарынан колдоно тургандыгы тууралуу пикир орногон. Бирок бул пикирди өзгөртүүгө учур келип жетти. Биз өлкө тарыхындагы ачык-айкын шайлоону өткөрүү менен "саясий кереметке" жетиштик, эми "экономикалык кереметке" жетишүү мезгили келди. Аны ишке ашыруу ар бирибизден көз каранды. Күч-аракетибизди 100 пайыз жумшап, жаңы деңгээлге чыгуубуз керек. Коррупциялык көрүнүштөргө терс караган коомдо гана өнүгүп-өсүү орун алат", - деди ал.

Максат Мамытканов 10 күндүк мөөнөттө мамлекеттин экономикалык коопсуздугун, коомдун, ишкер субъектилеринин жана жарандардын мыйзамдык укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыздоо боюнча ишти жакшыртуу боюнча сунуш берүүнү тапшырды.

2020-жылдын жыйынтыгы боюнча экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын ар бир кызматкерине жекече баа берилип, ишин ак ниет алып барбаган жактарга карата чаралар кабыл алынат.

Максат Мамытканов белгилегендей, өкмөт алдыга коюлган милдеттерди чечүүдө максималдуу көмөк көрсөтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
27.01.2021. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек экенсинер иштегиле силердин да иштегенге акынар бар. жеп ичип тойбой жургондор деле иштешти.аракет кылып чуркап журуп мээнетинер менен келдинер ак жол ийгилик ишинерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: