super.kg logo

ИИМ күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду

 

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы шектүү жарандан ири өлчөмдөгү прекурсор табышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан борбор калаада өндүрүлүүчү жана күкүрт кислотасынын ири өлчөмүн сатууга адистешкен кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.

"Бул зат өзүнүн кооптуулук туудуруучу сапаттарынан башка да, баңгизаттардын оор түрлөрүн өндүрүү үчүн негизги прекурсор болуп саналат. Жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин негизинде 1976-жылы туулган Ш.А. аттуу жарандын иштеген жеринде "героин" баңги каражатын жасоодо, өндүрүүдө, кайра иштетүүдө колдонуучу зат табылып алынган. Анда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 520 килограмм күкүрт кислотасы алынган. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Маалымат катары: 520 килограмм күкүрт кислотасынан 1,5 тонна героин баңги каражаты өндүрүлөт. Бул 750 000 максималдуу дозага татыйт. Акчалай эсептегенде - 1 миллион доллардан ашат", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.01.2021. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Не факт! Серная кислотаны алтынга, удобрение жасаганга, купорос жасаганга да колдонсо болот. Промышленный максатта колдонгусу келсе камап салбагыла жон жерден.
28.01.2021. 08:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
520 кг болсо 1500кгкайдан чыгат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: