super.kg logo

5-октябрдагы революцияда жаракат алгандар "Кыргыз үмүтү" коомун түзүштү

 

Өткөн жылы 5-октябрда революцияда жаракат алгандар "Кыргыз үмүтү" коомун түзүштү. Бул тууралуу аталган коомдун жетекчиси Саламат Алмазбек уулу билдирди.

Анын айтымына караганда, аталган коом өткөн жылы 5-октябрда орун алган баш аламандыктан кийин түзүлгөн. Азыркы учурда коомдо 120 адам мүчө.

"Кыргыз үмүтү" коому октябрь окуясынан кийин бир апта өткөн соң түзүлгөн. Бул коомдо баш аламандыкта жаракат алгандар чогулганбыз. Өзүбүздүн юридикалык укуктарыбызды коргойбуз деген максатта түзүлгөн. Коомдо 120 киши мүчө. Алардын баары 5-октябрда жаракат алган жарандар", - деди Саламат Алмазбек уулу.

Эске салсак, өлкөдө 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, баш аламандык орун алды. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Митингде 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
27.01.2021. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эмнени баштап жатасыңар? Октябрь баатырлары, апрель баатырлары болуппу? Жөн отургула эми, үмүтүңөрдү актайт буюрса Ажообуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: