Ош шаарынын аймагында ишкерлер үчүн атайын индустриялык аймак түзүү боюнча жыйын болуп өттү









Бүгүн, 27-январда Ош шаарынын мэриясында инвестор тартып, ишкерлерге индустриялык аймактарды куруп берүү багытындагы мүмүкүнчүлүктөрдү жана ыңгайлуу шарттарды карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жумушчу топтун төрагасы Ош шаарынын биринчи вице-мэри Жылдызбек Турганбаев бекитилип, ал эми жумушчу топтун курамына шаардык кеңештин депутаттары, Кыргыз өлкөсүнүн ишкерлер уюмунан, регионалдык ишкерлер кеңешинен, жеке ишкерлерден, экономист эксперттерден жана тиешелүү мекемелерден куралып, биринчи вице-мэр ишкерлерге шарт түзүп, аны менен катар ири долбоорлорго инвесторлорду тартуу боюнча жергиликтүү бийлик болгон аракетин жумшап жаткандыгын билдирди.
"Жумушчу топтун биринчи отурумунда бир канча маселелер, сунуштар каралды жана тез арада жер аянтын тактоо, коммуналдык тармактарды киргизүү жана салык төлөмдөрүн, ага тиешелүү болгон иш кагаздарын тактап, анализ жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Жалпы координациялоо жана анализ жүргүзүп сунуш берүү, уюштуруу Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгына тапшырылды. Кезектеги отурум ушул жылдын 16-февралында болот", - деп жазылат маалыматта.

