"Биз Самараны алып койдук, ордуна кайра эле эркек Самараны коюп койдуңар". Оштогу музыкалык окуу жайдын жамааты жаңы жетекчинин келгенине каршылыгын билдиришти
Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына дайындалган жаңы директор Ильязбек Ташболот уулун аталган окуу жайдын жамааты кабыл алгысы келбейт. Окуу жайдын айрым кызматкерлери жаңы директор мыйзамга туура келсе да, талаптарга жооп берсе да Самара Каримованын жолдошу Асан Мансуров менен ынак мамилеси бар болгондуктан аны менен иштешүүнү каалашпай турганын айтышты."Ильязбектин музыкалык билими болсо дагы, мыйзамга туура келсе дагы директор болбой эле койсун. Себеби биз Самараны (ред. Каримова) алып койдук, ордуна кайра эле эркек Самараны коюп койдуңар", - дейт окуу жайдын мугалими.
Белгилей кетсек, Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалган Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова нааразычылыктардан улам кызматынан баш тарткан. Аталган музыкалык окуу жайга бүгүн, 27-январда Ильязбек Ташболот уулу 3 айлык сыноо мөөнөтү менен директор болуп дайындалгандыгы маалымдалган. Ал музыкалык билимге ээ, буга чейин аталган окуу жайда эмгектенип келген.
"Биз Самараны алып койдук, ордуна кайрале эркек Самараны коюп койдуңар". Оштогу музыкаллык окуу жайдын жаңы директорун дагы жамаа кабыл алгысы келбейт
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:07
2025-11-20
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Чынле буларга ошондой жашоосу жагат бейм эски системадагы..