super.kg logo

Кыргыз режиссёру тарткан даректүү тасма Анкарадагы эл аралык фестивалда баш байгени жеңип алды

 
Анкара эл аралык кинофестивалында режиссёр Ибадылла Ажибаевдин “Мугалим” даректүү тасмасы баш байгени жеңип алды. Сыйлоо аземи 27-январда Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө өткөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.
Министр Нуржигит Кадырбеков жеңүүчүлөрдү куттуктап жатып, кино ишмерлерине чыгармачылык ийгилик каалап, кыргыз киносунун өнүгүп өсүшүнө, аны даңазалоого бардык аракеттерди көрө турганын айтты.
Ошондой эле салтанатка акыркы 2 ай аралыгында эл аралык деңгээлдеги кинофестивалдарга Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан лауреаттар да болуп, учурдагы кыргыз киносунун маселелери талкууланды.
Эске салсак, “Акыркы көч” толук метраждуу көркөм тасмасы Даккадагы Эл аралык кинофестивалынын “Мыкты фильми” номинациясынын жеңүүчүсү болду. Ал эми “Шамбала” толук метраждуу көркөм тасмасы Калькуттадагы 26-эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты режиссура” сыйлыгына ээ болгон. “Мурас” даректүү тасмасы Америкада өткөрүлгөн эл аралык “The Hollywood Awards” кинофестивалынын “Эң мыкты даректүү тасма” сыйлыгына ээ болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: