Казакстандык клубдун кароосунда жүргөн кыргыз футболчусу Эрнист Батырканов алгачкы голун жаратты (видео)
Казакстандын "Кызыл-Жар" футболдук клубунун кароосунда жүргөн Кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов "Кызыл-Жар" клубу үчүн алгачкы голун жаратты.
Окуу-машыгуу жыйынынын алкагында "Кызыл-Жар" командасы Болгариянын "Арда" клубу менен кез келип, оюн 3:2 эсебинде казакстандык клубдун жеңиши менен аяктады. Кыргыз футболчусу негизги курамда оюнга чыгып, гол жарата алды.
22 жаштагы Эрнист Батырканов өткөн сезонду бишкектик "Дордой" клубунда өткөрүп, өлкө чемпиондугун жеңип алган.
Эрнист Батырканов "Кызыл-Жардагы" алгачкы голун жаратты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.