Бүгүн президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт
Бүгүн, 28-январда президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөрү күтүлүүдө. Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЦР-анализдерин тапшырышканын белгилей кетүү керек. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда. Инаугурация аземи КТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.
Мындан сырткары, Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында шаардыктар үчүн иш-чара түз эфирде көрсөтүлөт.
Азем саат 10.45те түз эфирде көрсөтүлүп баштайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















