Арасында Бишкек бар. "Аэрофлот" бир катар эл аралык каттамдарын токтотту
"Аэрофлот" компаниясы коронавирус инфекциясына байланыштуу кээ бир шаарларга болгон эл аралык каттамдарын 1 айга токтотту. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтына жарыяланды.
Ага ылайык, 28-марттан 30-апрелге чейин төмөндөгү каттамдар жүргүзүлбөйт.
Москва шаарынан - Бишкек, Актау, Ак-Төбе, Аликанте, Алматы, Амстердам, Атырау, Афина, Баку, Бангкок, Барселона, Бейрут, Берлин, Брюссель, Болонья, Будапешт, Бухарест, Бухара, Валенсия, Варшава, Вашингтон, Венеция, Вена, Верона, Вильнюс, Гавана, Гамбург, Ганновер, Гонконг, Гуанчжоу, Денпасар, Дрезден, Дублин, Дюссельдорф, Ереван, Загреб, Караганда, Кишинёв, Коломбо, Копенгаген, Костанай, Ларнака, Лос-Анжелес, Лион, Лиссабон, Любляну, Мадрид, Майами, Малага Марсель, Милан, Мумбай, Мюнхен, Ниццу, Нью-Йорк, Неаполь, Осака, Осло, Ош, Париж, Прага, Пекин, Пхукет, Рига, Рим, Салоники, Самарканд, София, Стокгольм, Таллин, Ташкент, Тегеран, Тель-Авив, Тенерифе, Тиват, Улан-Батор, Франкфурт-на-Майне, Ханой, Хошимин, Цюрих, Шанхай, Штутгарт, Шымкент.
"Аталган каттамдарга билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчалары кайтарылып берилери маалымдалат. Авиакомпаниянын сайтынан же байланыш борборлорунан билет алгандарга төлөө формасына жана тиешелүү эрежелерге ылайык акчалары автоматтык түрдө кайтарылат. Ал эми "Аэрофлоттун" сатуу кеңселеринен билет сатып алгандар акчаны кайтаруу маселеси боюнча ошол кеңселерге кайрылышы зарыл", - деп жазылат маалыматта.

