Өлкөдө миңден ашуун бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча жалпысынан 1 миң 21 бала бакча кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Илгиз Султан билдирди.
Маалыматка ылайык, иштеп жаткан бала бакчалардын 388и жеке менчик болсо, 633ү мамлекеттик бакчалар.
Ал эми Бишкекте 11 мамлекеттик, 250 менчик, Ошто болсо 44 мамлекеттик, 20 жеке менчик бакча балдарга тарбия берүүдө.
Өлкөнүн калган аймактарында:
- Талас облусу — 42 мамлекеттик бала бакча;
- Нарын облусу — 28 мамлекеттик, 1 менчик бала бакча;
- Чүй облусу — 63 мамлекеттик, 45 менчик бала бакча;
- Ош облусу — 244 мамлекеттик, 21 менчик бала бакча;
- Жалал-Абад облусу — 55 мамлекеттик, 23 жеке менчик бала бакча;
- Баткен облусу — 114 мамлекеттик, 21 менчик бала бакча;
- Ысык-Көл облусу — 32 мамлекеттик, 7 менчик бала бакча реалдуу режимде иштеп жатканы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.