super.kg logo

Өлкөнүн беш дубанына "Тез жардам" унаалары таратылды

 

Өкмөт үйүнүн алдында республиканын аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелерине "Тез жардам" унааларын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аземге саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана жети облустун координаторлору катышты. Министр "Тез жардам" унааларын облус координаторлоруна тапшырды.

Бөлүштүрүү планына ылайык:

  • Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына - 9;
  • Чүй облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына - 6;
  • Талас облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына - 2;
  • Нарын облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына - 3;
  • Жалал-Абад облусуна - 1 унаа өткөрүлүп берилди.

Эске салсак, Ислам Өнүктүрүү Банкы тарабынан жалпы 66 "Тез жардам" унаасы сатып алынып, өлкөгө жеткирилишине жараша бөлүштүрүлүп берилүүдө. Алсак, буга чейин Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына 9 унаа, Ош облусуна 26 унаа жана Жалал-Абад облусуна 10 унаа өткөрүлүп берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
28.01.2021. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Гезельден башкале машына алса жакшы болмок Спиринтер алышса коп жыл кызмат кылмак газель эки айдан кийин эле бузула баштайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: