super.kg logo

Элмирбек Иманалиевдин атын Киев көчөсүнө берүү боюнча Бишкек шаардык кеңешине кат жөнөтүлдү

 

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин ысымын Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө ыйгаруу боюнча шаардык кеңешке расмий түрдө кат жөнөтүлдү. Бул тууралуу аталган сунуштун демилгечиси Алмазбек Абдисияев SUPER.KG порталына билдирди.

"Мен бул маселени төкмө акындын көзү өткөндөн бери эле көтөрүп келе жатам. Элмирбек экөөбүз бир райондун балдарыбыз, жакын дос элек. Анын элге кадыры кандай болгонун айтпасак деле белгилүү. Анан ушундай адамдын ысымы көрүнүктүү бир жерге берилсе эмнеге болбосун? Мен Киев көчөсүнүн атын Элмирбек Иманалиев атындагы көчө деп өзгөртүүнү сунуштап жатам. Бул көчөнүн башы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы көчө менен башталып, Темиркул Үмөталиев, Жусуп Турусбеков, Калык Акиев, Манас көчөлөрү менен кесилишет. Ушундай залкар инсандардын ысымына катарлаш Элмирбек Иманалиев атындагы көчө болсо кандай жакшы. Мен кечээ расмий түрдө Бишкек шаардык кеңешине жана шаар мэри Балбак Түлөбаевге кат жолдодум", - дейт Абдисияев.

Белгилей кетсек, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиев өткөн жылы 42 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнө салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
28.01.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң сонун болмок андай болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: