Кыргыз өлкөсү COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Европа Биримдигине кайрылды

Маалыматка ылайык, кыргыз тарап Европа Биримдигинин ыкчам жооп кайтаргандыгы жана коронавируска каршы күрөшүүдө өзгөчө кырдаалдарга кошумча колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирип, Европа Биримдигине калкты эмдөө жүргүзүүдө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Министрдин айтымында, Кыргыз Республикасы өнүгүүнүн демократиялык жолуна бекем берилген, коррупцияга каршы катуу күрөш жүргүзгөн, адамдын укуктары менен эркиндиктерин коргогон өлкө катары Европа Биримдиги менен өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө кызыкдар.
"Европа тарап Кыргыз Республикасындагы саясий кырдаалдын турукташуусун кубаттай тургандыгын жана мындан ары дагы кыргыз тарапка ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын бардык спектрин, анын ичинде ЕБ долбоорунун жана Кыргыз Республикасындагы программалык иш-чаралардын алкагында курууну улантуунун зарылдыгын белгилешти", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:08
2025-08-02

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.