super.kg logo

Балбак Түлөбаев ЖЭБдеги от казандарды газга өткөрүү максатында меморандумга кол койду

 

Бишкек шаарында ыш көйгөйү актуалдуу бойдон калууда. Бул маселени чечүүнүн жолу катары борбор калаадагы көмүр менен жылытылган объекттерди газга өткөрүү керектиги айтылган. Бүгүн, 28-январда шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы 19 от казандарын газга өткөрүү максатында "Газпром Кыргызстан" компаниясы менен меморандумга кол койду.

"Акыркы убактарда Бишкекте ыш маселеси пайда болду. Ошондон тарта бул көйгөйдү чечүү максатында иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Көйгөйдү эки тармак чечиши керек. Бири өкмөт, бири муниципалитет.

Муниципалитет өзүн иш-чараларын аткарып жатат. Бүгүн мына "Газпром Кыргызстан" менен меморандумга кол койдук. Азыркы учурда борбор калаадагы 23 от казанды алмаштырабыз. Алардын баары көмүр менен жылытылган от казандар болчу, булардын баарын газга өткөрөбүз. Буюрса, 20-октябрга чейин бул иштер бүтөт.

Экинчиден, Бишкектин жаңы конуштарындагы бардык мончолорду газ менен жылытууга өткөрөбүз", - деди Балбак Түлөбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
28.01.2021. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондой кылсын баарын, баняларды да оптом ошого өткөрсүн.
28.01.2021. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: