super.kg logo

Баары көзөмөлдө болушу үчүн: Транспорт министрлигинин жол-курулуш техникаларына GPS навигаторлор орнотулууда

 

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы жол-курулуш техникаларына жана автоунааларга GPS навигаторлорду орнотуу иштери башталды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Мындай GPS навигаторлорун колдонууга киргизүүнүн негизги максаты - жол куруу жабдууларын пайдалануунун натыйжалуулугун, күйүүчү майдын чыгымдалышын көзөмөлдөө, жол куруу жабдууларын туура эмес пайдаланууну жокко чыгаруу болуп саналары маалымдалат.

"Учурда 150 бирдик жол-курулуш техникасына жана автоунаалар менен шаймандарга GPS навигаторлорун орнотуу иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан 440 унаага пландаштырылган орнотуу иштери улантылууда. Жол куруу механизмдери жана жабдуулары жөнүндө маалымат базасы Департаменттин, Транспорт жана жолдор министрлигинин сайтына жайгаштырылат. Мунун бардыгы жол башкармалыктарында техниканын жана жабдуулардын максаттуу колдонулушун контролдоого мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы жолдордо авариялык абалда жабдууларды өткөрүп берүү боюнча маалыматка онлайн режиминде мүмкүнчүлүк ачылды" , - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: