super.kg logo

Индиялык аял паспортун жоготуп алгандыгы үчүн 18 жыл түрмөдө отурган

 

Индиялык аял Пакистанга барып, ал жакта паспортун жоготуп алгандыгы үчүн 18 жыл түрмөдө отурган. Андан кийин Пакистан аны Индиянын өкмөтүнө өткөрүп берди деп жазышууда чет элдик маалымат булактары.

Жазылган маалыматка ылайык, Индиянын Махараштра штатындагы Аурангабад шаарынын 65 жаштагы Хасина Бегум аттуу аял 2003-жылы күйөөсүнүн туугандарын көрүү үчүн Пакистандын Лахор шаарына барган. Ал паспортун жоготуп алгандыгы үчүн аны Пакистан полициясы камакка алып, 18 жылга эркинен ажыратышкан. Индиялык аял 18 жылын Пакистандын түрмөсүндө өткөргөн. Пакистан бийлиги Индиянын Аурангабад полициясынан аялдын шаарда үйү бар жана ал жерде каттоодо турганы жөнүндө билдирүү алгандан кийин гана Бегумду бошотууну чечип, мекенине кайтарган.

"Мен көптөгөн сыноолорду башымдан өткөрдүм. Мени күч менен Пакистандын түрмөсүндө кармашты. Эми өз өлкөмө кайтып келгенден кийин өзүмдү тынч жана бейиште жүргөндөй сезип жатам", - деген индиялык аял.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(3)
28.01.2021. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Каттоодо турганын 18 жыл издешиптирби?Байкуш аял!
29.01.2021. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Боорум ооруду бечара аялга, Пакистан бийлиги 5млн доллар төлөсө дагы аздык кылат, айбандар!
29.01.2021. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызстанда кыргыз болуп туулуп жашаганыма мин бертебе шугур.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: