Жаңы тасма! Тартуу иштери Түркияда болуп, 250 миң доллар каражат сарпталган "Апамды издеп-2" тасмасы КИНОЗАЛДА







SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүнө "Апамды издеп-2" тасмасы жүктөлдү. Тасма 2019-жылы февраль айында Бишкектеги кинотеатрларда көпчүлүккө көрсөтүлө баштаган. Аталган тасмада актёр Азамат Уланов, Адел Казиева, казакстандык белгилүү актёр Тауекел Мусилим башкы каармандын образын жаратышкан.
Комедия жанрындагы тасманын продюсери Нурбек Айбашов, режиссёру Руслан Акун. Тасманы тартуу иштери Түркияда болуп, ага жалпысынан 250 миң доллар каражат кеткен.
Аталган тасмага КМШ өлкөлөрүнө таанылган ырчы Сэм Космонун “Ла-ла-ла” аттуу ыры саундтрек болгон. Ал "ырым мүмкүн тасмага саундтрек болуп калар, угуп, баа берип көрүңүз” деп режиссёр Руслан Акунга жазып, 2 күндөн кийин кубантарлык жооп алганын айткан.
"Апамды издеп-2" тасмасынын сценарийи 1-бөлүгүнөн айырмаланып позитивдүү маанайда жазылган. Мында башкы каарман Данияр апасынан ажыраган баланы асырап алган. Ал баланы апалуу кылуу үчүн үйлөнүүнү туура көрөт. Бирок анын мындай чечимине кыздын агасы каршы чыгып, оорулуу адамдын ролун ойноп жүрөт. Тасманын андан ары өнүгүшүн шилтеме аркылуу өтүп көрүңүз.

