super.kg logo

Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

 

Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү өзү жашаган үйдөн чыгарылып, Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министиригинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл акыны Рамис Рыскуловду акыркы сапарга узатуу иш-чарасына анын үй-бүлөсү, жакын туугандары, маданият министри Нуржигит Кадырбеков, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев жана Жазуучулар Союзунун мүчөлөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 1934-жылы, 9-сентябрда Чүй облусунун Москва районундагы Кызыл-Тоо айылында туулган. Кызыл-Тоо мектебинин 7-классын бүтүргөндөн кийин кичинесинен зээндүү, окууга дилгир бала шаарга барып окуйм деп жол тартат. Педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1951-жылы бүтүрөт. 1955-жылы Москвадагы ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук Жогорку комсомолдук мектебин жана 1959-жылы Максим Горький атындагы Бүткүл союздук адабият институтун бүтүргөн. Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Андан кийин "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары "Ала-Тоо" журналында иштеген.

1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун жана 1990-жылдан СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1987-жылы СССР Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн лауреаты болгон. Кыргызстан ЛКЖС Борбордук Комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

1995-жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери", 1996-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл акыны" ардак наамдары берилген.

Кыргыз Республикасынын Эл акыны Рамис Рыскулов 27-январда 87 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: