super.kg logo

Кыргыз өлкөсү коррупция боюнча эл аралык рейтингде 180 өлкөнүн ичинен 124-орунда

 

"Transparency International" эл аралык уюмунун 2020-жылда коррупция боюнча жарыяланган рейтингинде Кыргыз өлкөсү 180 өлкөнүн ичинен 124-орунду ээледи. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтына бүгүн, 28-январда жарыяланды.

Ага ылайык, Кыргыз өлкөсү жемкордук көп жайылган 180 өлкөнүн ичинен 124-орунга жайгашкан. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарга салыштырмалуу 1 тепкичке жакшырган.

Рейтингдин сап башында Дания 88, Жаңы Зеландия 88 жана Финляндия 85 турат. Индекс канчалык жогору болгон сайын, коррупциянын деңгээли ошончолук төмөн дегенди түшүндүрөт. Демек, аталган өлкөлөрдө жемкорлук дээрлик жокко эсе.

Ал эми дүйнө боюнча жемкорлуктун деңгээлине кайрылсак, коррупция күч алган өлкө катары Сомали, андан кийин Түштүк Судан жана Сирия өлкөлөрү турат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: