super.kg logo

Билим берүү министрлиги: "Окуучулардын Республикалык олимпиадасын өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн"

 

Билим берүү жана илим министрлиги 2020-2021-окуу жылында мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасын өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик Республикалык олимпиаданын II жана III этаптары үчүн бардык предметтер боюнча олимпиадалык тапшырмаларды иштеп чыгуучу көз карандысыз уюмду тартуу үчүн тендер жарыялады.

"Тендер аяктагандан кийин Республикалык олимпиаданын II, III жана IV этаптарын өткөрүү мөөнөттөрү белгиленет. Олимпиада 2019-жылдын 11-ноябрындагы № 1310/1 буйругу менен бекитилген мектеп окуучуларынын Республикалык олимпиадасы жөнүндө жобого ылайык өткөрүлөт. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша олимпиаданы өткөрүү форматына өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мектептердеги окуу процесси аралыктан жүргүзүлгөндүгүн, ошондой эле массалык иш-чараларды өткөрүүдө санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары тарабынан коюлган чектөөлөрдү эске алып, министрлик кырдаал турукташканга чейин олимпиада өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу жана окуучуларга олимпиадага даярданууга кошумча убакыт берүү чечими чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: