super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров дагы "соотечественники" деген сөздү айта албай калды (видео)

 

Бүгүн, 28-январда Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инаугурациясы өттү. Салтанаттуу аземде жаңы мамлекет башчы сөзүнүн бир бөлүгүн орус тилинде окуду.

Анын расмий тилде сүйлөөсү ийгиликтүү болгон жок, тагыраагы, ал "соотечественники" деген сөзгө тили келбей, ыңгайсыз абалга кептелди. Балким буга чейин Сооронбай Жээнбековдун дагы бул сөздү айта албай калганы кызуу талкууда болбосо, Жапаровдун бул сөзүнө көп деле маани берилмек эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин мурунку өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков үчүн да бул сөздү айтуу кыйын болгон.






Садыр Жапаров дагы "соотечественники" деген сөздү айта албай калды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: