super.kg logo

"Жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды". Артём Новиков "Газпром" компаниясынын өкүлү менен жолукту

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков "Газпром" ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Виталий Маркелов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсынын үстүбүздөгү жылга өлкөнү жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча инвестициялык программасын ишке ашыруунун жүрүшү жана жаратылыш газынын баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде Бишкек шаарындагы ЖЭБ үчүн атайын тарифти түзүү маселелери талкууланды.

"Өкмөт энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү маселелерине өзгөчө маани берет. "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсы - биздин ишенимдүү өнөктөшүбүз. Буга чейин биз бир катар долбоорлорду, анын ичинде социалдык чөйрөнү да ишке ашырганбыз. Биздин эки тараптуу кызматташуубуз мындан ары да конструктивдүү мазмун менен толтурулат деп ишенем", - дейт премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

"Газпром" ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Виталий Маркелов компания өзүнүн негизги иши менен катар өлкөдө спортту өнүктүрүүгө жана билим берүүнү колдоого чоң көңүл буруп жаткандыгын баса белгиледи.

"Биздин компаниянын Кыргыз өлкөсүндө ишке ашырган долбоорлорунун алкагында буга чейин бир катар социалдык жана спорттук объектилер курулган. Алар өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыгында ийгиликтүү иштеп жатышат", - деди Маркелов.

Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери Бишкек шаарындагы турак-жайларды жана Чүй облусундагы калктуу конуштарды жаратылыш газы менен камсыздоо боюнча толук масштабдуу иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө турак-жай конуштарынын 58 пайызга жакыны "Газпром-Кыргызстан" ЖЧКсынын абоненттери.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(1)
29.01.2021. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Новиков 30 жылдыктагы эн мыкты окмот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: