super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасынын унаасы эл басчу көчөдө токтоп, жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратууда" дейт окурман (сүрөт)

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылды. Ал мыйзам баарына бирдей иштеш керек экенини айтып, Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасына тийиштүү автоунаа эл басчу көчөдө токтоп турганын, буга чара көрүлүүсүн өтүндү.

"Бул Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасына тийиштүү автоунаа. Бул жер Ош шаарындагы долбоордун үстүндөгү жол. Бул унааны башкарган айдоочу унааны жөө басып өтүүчүлөрдүн жолуна токтотуп коюптур. Ушул унаанын ордунда карапайым элдин унаасы турганда, милиция кызматкерлери эвакуаторду алып келип, айып төлөөчү короого алып барып коймок. Өлкөбүздө мыйзам баарына бирдей болушу үчүн ушундай баш-аламандыкты жоюшубуз керек. Бул боюнча чара көрүлсө жакшы болмок, автоунаа жолдон өтүп жаткан унааларга дагы ыңгайсыздык жаратып жатат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.01.2021. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушуну да тартып өлүп кеттинерби, андан көрө жардам берип тезирээк кетирип салбайт белен. Бизге шаардын тазалыгы керек, эптеп мусорду алып кетсе болду. Кийин кийин булвр да уйрөнөт кантип алып кетишти.
28.01.2021. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушуну жонотпой эле койбодунда
28.01.2021. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ош боюнча бир ушул мусоровоз пешеходто туруп калган окшойт..
28.01.2021. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Атайлап токтотмок беле кичине ой жүгүртүп анан жөнөткүлөчү
28.01.2021. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул оо тарыхтагы Индиянын машинасы го, машинанын эскилиги мамлекеттик номерден эле билинип турбайбы жарымы жок.
28.01.2021. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бузулуп турган
29.01.2021. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бузулбаган техника болбойт да.Суротко тартып жарыя кылгандан коро 2-3 адамды чакырып четке туртуп койсонор эл деле,айдоочусу деле ыраазы болмок беле дейм.
Alinur96kg түзөттү 2021-01-29 01:02:00
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: