super.kg logo

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Евразия экономикалык комиссиясынын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту

 

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков ЕЭКтын төрагасы Михаил Мясникович менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан бидиришти.

Маалыматка ылайык, Артём Новиков Кыргыз өлкөсүнүн жаңы шайланган президенти Садыр Жапаровдун инауграциясына катышуу үчүн келген Евразия экономикалык коммиссиясынын (ЕЭК) төрөгасы Михаил Мясникович менен жолугушту.

"Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигиндеги өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара мамилелерди түзүүнүн актуалдуу меселелери, анын ичинде ЕЭК тарабынан ЕАЭБдин алкагындагы өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды бошотуу жана чектөөлөрдү алып салуу боюнча жүргүзүлгөн иштер талкууланды.

Тараптар кызматташуунун келечеги жана экономикалык, өнөр жай, айыл чарба кызматташтыгындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 5-февралында Алматы шаарында өтүүчү ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жана өкмөттөр аралык кеңешинин күн тартибинин маселелери талдоого алынды.", - деп жазылат маалыматта.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: