Депутат Камчыбек Жолдошбаевдин сөгүнгөн видеосу. Эл өкүлү бара жаткан жолтандабас 2 унааны сүзүп кеткен
Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөтүп сөгүнгөн видеосу тарап, кызуу талкууга алынууда.
Видеодо көрүнгөндөй Жолдошбаевден күбөлүгүн сурап, видеого тартып жаткан адамга депутат сөгүнүп, манжасын көрсөтүп, унаасы менен кетип калганын көрүүгө болот.
Милициянын кайгуул кызматы SUPER.KG порталына окуя бүгүн, 28-январда, 10:05 чамасында болгонун тастыктады.
Маалыматка ылайык, “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жолдун тайгактыгынан улам, унаасын башкара албай калып, алгач "Мерседести" андан соң жол жээгинде токтоп турган "Хонда Аккорд" унаасын сүзүп алган.
"28-январь күнү саат болжол менен 10:05 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Темирязов жана Чокморов көчөлөрүнүн кесилишинен жол кырсыгы катталды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барган учурда 1991-жылы туулган И.А. аттуу айдоочунун башкаруусундагы “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаа Чокморов көчөсү менен чыгыш багытка бара жатып, Темирязов көчөсүнөн К.Э.нин башкаруусундагы “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунааны жолдун тайгалагынын кесепетинен сүзгөн. Андан соң жол жээгинде токтоп турган Б.А. аттуу айдоочуга тиешелүү “Хонда Акорд” үлгүсүндөгү автоунаага да тийип, андан ары кетип калган. Бир нече убакыттан кийин “Лексус 570” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу И.А. кайра келип, өзү жол кырсыгы тууралуу “102” кызматына кабарлагандыгы аныкталган. Жол кырсыгынан жаракат алган адамдар жок", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда үч автоунаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Топтолгон материалдар Бишкек ШИИББдин Тергөө кызматына мындан ары иликтөөлөрү үчүн жөнөтүлдү.
Камчыбек Жолдошбаевдин манжасын көрсөткөн видеосу тарады

















1 |