super.kg logo

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын камалышын сот мыйзамдуу деп тапты

 

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын камалышын сот мыйзамдуу деп тапты. Судья чечимди полициянын имаратында 5 мүнөткө жетпеген убакытта кабыл алган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, сот Навальныйга жактоочулар менен купуя сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес жана чечим чыгаруу процессин ачыктаган эмес.

Алексей Навальныйдын жактоочулары Вадим Кобзев менен Ольга Михайлова Кылмыш кодексинин Навальныйга карата эч кандай тиешеси жок колдонулганын билдиришкен. Алардын айтымында, Полициянын Навальныйды камакка алуу талабы мыйзамсыз.

"Полициянын имаратында чечим кабыл алуу менен соттордун көз карандысыздыгынын конституциялык принциптери бузулду. Ал эми сот өтүнүчтү карап чыгып, анын чегинен чыгып, чечим кабыл алды. Мындай мүмкүнчүлүк мыйзамда каралган эмес",- деп билдирген жактоочулардын бири.

Белгилей кетсек, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: