super.kg logo

Канадада кезексиз коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн жубайлар жазаланары айтылды

 

Канадада жубайлар кезексиз коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндүктөн 6 ай абакка отурушу мүмкүн. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, түгөйлөр Британия Колумбиясынан Юкон аймагына коронавируска каршы эмдөөдөн эрте өтүү үчүн учуп келишкен.

"Род Бейкер жубайы Екатерина Бейкер Юкон аймагына Moderna вакцинасы менен эмдөө алуу үчүн атайын келишкен. Бирок алар Ванкуверде эмдөөдөн өтүшү абзел эле. Убагынан эрте эмдөөдөн өтүү үчүн жубайлар медицина кызматкерлерине айланышкан. Ошону менен аймакка келгендеги эки апталык карантин эрежелерин сакташкан эмес.
Эреже бузган түгөйлөргө айып пул салынды. Алар 4-майга чейин салынган айып пулдун суммасын төлөшү зарыл. Аларды 6 ай абакка отургузушу мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Род Бейкер "Great Canadian Gaming" компаниясынын аткаруучу директору кызматын аркалаган. Жакынкы аралыкта жумушунда чыккан түшүнбөстүк жагдайлардан улам ээлеген кызматынан кеткен.
Екатерина Бейкер - актриса "Женская драка" жана "Охота на Санту" тасмаларында роль жараткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: